Жарыя! АРИСтин АИД-3 кошумча каржылоо долбоорунун алкагында бизнес өнөктөштөрдү кызматташууга чакырабыз! Ак-Талаа айыл аймагы, Айылдын коомчулуктарынын инвестициялык ассоциациясы АРИСтин АИД-3 КК долбоорунун алкагында баардык кызыктар тараптарды төмөнкү багыттагы Кошумча нарк чынжырчалары боюнча экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн кызматташууга чакырат: Кошумча нарк чынжырчасы (КНЧ): Арпа-буудай, сүт, эт, кол өнөрчүлүк, туризм, сафлор, ТБО-мусорду кайра иштетүү жана бал багыты. Кызматташуу - жергиликтүү коомчулуктун киреше булактарын колдоо боюнча бизнес долбоорлорду ишке ашырууда АКИАнын, Айыл өкмөтүнүн жана АРИСтин өнөктөшү катары экономикалык долбоорлордо катышуудан турат. Бизнес өнөктөш өзүнүн сунушун бизнес план катары иштеп чыгат. Жергиликтүү коомчулук тарабынан колдоого алынган жана долбоордун талаптарына жооп берген сунуштарга АРИС тарабынан каржылык колдоо көрсөтүлөт. Бул айыл аймагы үчүн АРИС тарабынан экономикалык долбоорду каржылык колдоонун көлөмү 64 000 $ чегинде болушу мүмкүн. Кызыктар тараптар бизнес долбоорунун резюмесин жана кызыктар кат тапшыруу керек https://docs.google.com/document/d/1LhRO0ee4tOWa49VtXxd0rmb-fcMRY6k_/edit. Кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү даректер менен байланышыныздар. Эскертүү: Сунуштарды кабыл алуу мөөнөтү 18.04.2023-жылы саат 16.00 гө чейин. Дареги: Ак-Талаа айылы, Алмакунов Т. к. № 2 Байл. тел: 0705 222 951 Аралова Наргиза WhatsApp №: 0709808010 Бегимбаев Улан Эл.почта: [email protected], [email protected]
This content is created by the open source Your Priorities citizen engagement platform designed by the non profit Citizens Foundation